Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Э. Бөлөкбаев: Мага жалган жалаа жаап атышат


“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев бийлик түрдүү жолдор менен оппозиция мүчөлөрүнө, анын ичинде өзүнө саясий куугунтук жасап, шайлоого катыштырбоо амалын көрүп жатат, деп эсептейт. Мындай пикирин ал “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. “Кытайдан апкелинген меламин уну, Кемин районундагы 17 гектар жер тууралуу эч илинчек таба албаган бийлик эми мени партиянын мурдагы мүчөсүнүн жалган жалаасы менен каралоого аракет кылып атат. Ошол “БМВ” машинемди тартып алды” деп арызданып жаткан Учкун Сакелов өзү мага карыз, анын машинасын тартып алмак тургай, көрбөгөндүгүмдү өткөн жумада эле ИИМдин коррупция менен күрөшүү бөлүмүндө суракта айтып бергем,” дейт Эркин Бөлөкбаев.
Кечээ “Жашылдар” партиясынын мурдагы мүчөсү Учкун Сакелов партия төрагасы анын “БМВ” автоунаасын тартып алды, деп маалымат жыйынында билдирген эле. ИИМ басма сөз кызматы буга байланыштуу Эркин Бөлөкбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” кабарлаган.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG