Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Таиландда демонстранттар өкмөт кеңсесинин айланасынан кетүүдө


Демонстранттардын лидерлеринин билдиргенине караганда, алар нааразылык акциясын армия алардын акыркы тыяныч бекетин курчоого алгандан кийин токтотууга барышты. Таиланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинаватранын жактоочулары Бангкоктогу Өкмөт үйү алдында 26-марттан бери отурушкан. Алар азыркы өкмөттү бийликке мыйзамсыз келди деп эсептешкендиктен, премьер-министр Абхисит Ветчачиванын кызматтан чегинүүсүн талап кылышкан эле. Таиланд башкааласында акыркы эки күн аралыгында аскерлер менен демонстранттардын кагылышуусунан эки адам каза таап, жүз жыйырмадан ашуун киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG