Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн жарыялаган маалыматтарга караганда, башкалаа Ашхабадды оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү, жашоого жакшыраак ыңгайлаштырууну максат кылган курулуш долбоорлордун арасында үйлөнүү үлпөтү өтүүчү сарай, 20 миң көрүүчүгө эсептелген стадион, 2 миң орундуу мейманкана, өкмөттүк имараттар жана жаңыдан түшүүчү жолдор бар. Мындан бир апта мурда Түркмөнстан спорттун кышкы түрлөрүнө да ылайыкташкан комплекстери бар Олимпиа кыштагын куруу планы бар экенин жарыялаган эле.