Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Молдова оппозициясы шайлоо добуштарын кайра саноого катышпайт


Молдованын оппозициядагы негизги үч партиясынын ( Биздин Молдова, Либералдык партия, Либералдык –демократиялык партия) лидерлери Кишиневдеги бүгүнкү маалымат жыйынында талаштуу парламенттик шайлоонун добуштарын кайра саноо эмес, шайлоонун өзүн кайра өткөрүүгө чакырышты. Алар 5-апрелде болгон добуш берүү бурмалоолор менен коштолду деп эсептешет.

Шайлоонун расмий тыянагына караганда, добуштардын 50%га жакынын бийликтеги Коммунисттик партия алган. Оппозициянын шайлоо жыйынтыгына макул болбогон жактоочулары өткөн аптада демонстрацияга чыгып, арты тополоң менен аяктаган. Өткөн жекшемби күнү өлкөнүн Консититуциялык соту президент Владимир Ворониндин добуштарды кайра саноо жөнүндөгү өтүнүчүнө макул болуп жана кайра санак эртеңкиге, 15-апрелге пландалган эле.

XS
SM
MD
LG