Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Премьер-министр Жогорку Кеңеште отчет бере баштады


И.Чудинов Жогорку Кеңештин комитеттеринде өкмөттүн 2008-жылдагы иши боюнча отчетун бере баштады. 14-апрелде Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде отчет угулду.

Өкмөт башчы 15-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ак жол” жана Социал-демократиялык фракцияларда, андан кийин 16-апрелде жалпы парламентте 2008-жылдагы иши боюнча отчет берет. 14-апрелде болсо Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетте отчет угулду. Өкмөт башчы комитеттин багытына жараша адам укуктарын сактоо багытында жасалып жактан иштер боюнча маалымат берди. Өкмөт адам укуктарын сактоо багытында мурунку президент Аскар Акаев 2002-жылы кол койгон жардыкты жетекчиликке алып иштеп жатыптыр:

-Адам укуктарын сактоо багытында өкмөт Кыргыз президенти тарабынан 2-январь 2002-жылы кол коюлган “Адам укуктары боюнча 2002-2010-жылдарга улуттук программанын” алкагында иш жүргүзүп жатат. Кыйноолорго каршы Акыйкатчы менен биргеликте иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле менчикти коргоо багытында чечимдер жарыяланды.

Премьер-министр ошондой эле өкмөт өткөн жылы 187 мыйзам долбоорун иштеп чыкканын, жергиликтүү бийликтерге 90 миллион сомго 350 автоунаа сатылып берилгенин, гендердик, мамлекеттик кызмат боюнча саясатта иштер жүргүзүлүп жатканын баяндады.

Парламент комитетинин мүчөлөрүн болсо негизинен айыл чарба, өнөр жайынын абалы тынчсыздандырды. Маселен, Бейшебек Акунов мындай суроо койду:

- Ички дүң продукция көрсөтүлгөн отчетто өнөр жайдын көлөмү 14% эле болуп калыптыр. Бул өтө аз. Анын себеби эмнеде?

Ага жооп кылган өкмөт башчы анын обьективдүү себептери бар экенин айтып, бирок өнөр жай Ички дүң продуктынын 14% түзгөн менен салыктын 40% жакынын төлөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, көмүскөдөгү мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору парламентке май айында жолдонот.Ал эми дыйкандарга арзан күйүүчү май, үрөн берүүнү натыйжасыз деп табылып, өкмөт бул жолдон кетип, мындан ары үрөн чарбаларына жардам берүү жагына басым жасаарын, кызылча өстүрүүчүлөрдү колдоо үчүн түшүмдү сатып алуу жагы каралып жатканын билдирди.

Тышкы карызды жеңилдетүү багытында Түркиядан алынган 40 миллион долларды кечүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.

Кризиске каршы туруу үчүн депозиттерди коргоо, азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында иштер жүрүүдө. Андан сырткары Россиядан алынган 300 миллион доллар насыяны пайдалануу боюнча ишкерлер тарабынан долбоорлор жөнөтүлүшүн өкмөт күтүүдө.

Өкмөтүн структурасын өзгөртүү боюнча көз карандысыз адистер иштеп жатат. Ал топ июнь айына карай ишин аяктайт. “Ошондуктан президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт, жаңы структура менен иштеп калышы күтүлүүдө”,- деди Игорь Чудинов.

Комитет өкмөт башчынын отчетун канааттандырарлык деп тапты.


Комитеттин жыйынында андан сырткары “Өкмөт”, “Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу президенттин демилгеси каралды. Өзгөртүүлөрдүн максаты өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу деген президенттик администрациянын башчысынын орун басары Каныбек Жороев буларга токтолду:

-Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешин өкмөт башчы жетектешин президент сунуштап жатат. Президент мамлекет менен менчик тармак өнөктөш катары иштешин каалап жатат. Өкмөт башчынын фондду жетектөөсүнө “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзам жол бербейт. Ошондуктан ушундай өзгөртүү сунушталууда.

Мыйзамдар кабыл алынса жети кишиден турган Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешин өкмөт башчы жетектейт. Фонддун башкы, аткаруучу жана финансылык директорлору кызматтары үчүн ачык конкурс жарыяланат. Кыргыз өкмөтү Россиянын 300 миллион доллар насыясын жана башка каражаттарды фонд аркылуу иштетүүнү көздөп жатат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG