Мурдагы премьер-министр Ференц Дюрчан өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалдан улам кызматынан чегинген. Жаңы өкмөт башчы Венгриянын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлө турган реформалар оор болорун эскертти. Дүйнөлүк экономикалык кризис Венгрияга өзгөчө таасир тийгизди. Кийинки жылы кырдаал мындан да курчуй турганы күтүлүүдө.