Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

С.Кадыралиевдин атылышы боюнча кылмыш иши козголду


Кылмыш ишин ИИМдин Бишкек шаардык башкармалыгы бүгүн эртең менен козгоп, аны Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Башкы прокуратура тергөө ишин жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүгө тийиш. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, кылмыш иши “Коомдук же мамлекеттик ишмерди өлтүрүүнү” караштырган Кылмыш кодексинин 294-беренеси боюнча козголду.(AiT)

XS
SM
MD
LG