Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кыргызстандагы Медиа өкүлүн шайлоо болот


Бир нече убакыттан бери бош турган Кыргызстандагы Медиа өкүлүнүн ордуна журналисттик ишмердүүлүктү терең түшүнгөн, сөз эркиндигин коргоодо тажрыйбасы бар, юридикалык билимге ээ жана кыргыз тилинде жакшы сүйлөгөндөр талапкерлигин кое алышат. Ошондой эле талапкер эч бир саясий партияга мүчө болбоосу тийиш. Медиа өкүлчүлүгү институту тараткан маалымат боюнча талапкерлердин арызы 10-майга чейин кабыл алынат.
Кыргызстандагы Медиа өкүлчүлүгү 2004-жылдан бери өлкөдөгү маалымат айдыңын өнүктүрүүдө жана журналисттердин укугун коргоодо ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алгачкы Медиа өкүлү Шамарал Майчиев эки жолу шайланып, иштеген. Азыр ал эл аралык бейтарап сотунун төрагасы. 2008-жылы анын ордуна шайланган Илим Карыпбеков быйыл жыл башынн бери президенттин катчылыгында иштейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG