Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Аксыда жер көчкүдө 9 үй зыянга учурады


Алардын ичинен 3 үч үй толук кыйрап, 6 үй толук эмес зыянга учураган. Бул тууралуу Аксыдан “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, азырынча каза болгондордун саны 16 киши деп эсептелүүдө. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө. Бул үчүн министрликтин техникалык жана адамдык күчтөрү кырсык болгон жерге бүт топтолууда. Эки сааттын ичинде куткаруу иштери соңуна чыгат. Мына ошондо канча адам каза тапканы айкын болот. 15-апрелде түнкү он экилерде Аксы районундагы Райкомол айылында жер көчкү жүрүп, үйлөрдү басып калган. Кырсыктан 16 адам каза болгону айтылууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG