Дагы калган 5 беш кишинин сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдраимов кырсык болгон жерден бүгүн кабарлады. Учурда жер көчкү жүргөн Райкомол айылында миңдей киши казуу иштерин жүргүзүп жатат. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Коргоо министрлигинин аскерлери да бар. Аларга тамак-аш уюштуруу үчүн 10 чатыр орнотулду. Жер көчкүдө каза болгондордун тажыясын уюштуруу үчүн жергиликтүү бийлик төрт чатырды тамак-ашы менен бөлүп берди.(AiT)