16-апрелге караган түнү Нарын шаарына калың кар түштү. Нарын гидрометеорологиялык борборунан алынган маалымат боюнча, шаарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрди түзгөн. Нарын районунун акими Ишенбек Медетов райондогу Эмгекчил айылында 30 сантиметр кар түшүп, натыйжада ал айылга тоют тартуу жүргүзүлүп жаткандын билдирсе, Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Жумаев Ак-Муз айылында 25, Ат-Башы айылында 15 сантиметр кар түшкөнүн маалымдады. Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Касен Азизов район аймагында калыңдыгы 10 сантиметрге жеткен кар жааганын белгиледи. Ал эми Жумгал районунун Кызарт ашуусу тараптагы айылдарга кар жаагандыгы район акими Талант Касмамбетовдон алынды. Нарын облусу боюнча Ак-Талаа районунун аймагына гана кар жааган эмес. (KUs)