Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Депутаттар кылмыштардын алдын алуу тоскоолдуктарын билүүгө кызыкдар


Тартип коргоо органдарынын жетекчилерине мындай талапты депутаттардын көпчүлүгү коюп, Санжар Кадыралиевге каршы атылган ок жалпы тартип коргоо органдарына каршы атылган ок деп баалашып, кызматтарын тапшырып кетүүгө себеп болоорун билдиришти. Анда тышкары Руслан Шаботоевдин жоголушун эмгиче таппаган тартип коргоо органдарынын ыкшоолугунан дагы бир депутаттан айрылдык деп сындашты. Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев тартип коргоо органдары болгон күчүн жумшап иштеп жаткандыгын, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү кылмыш чөйрөсүнөн чыгып, азыр ишкер чөйрөгө аралаша баштаганын, бирок тизгиндөөгө негиз берчү мыйзам жоболорунун жетишсиздиги бөгөт болуп жаткандыгын билдирди.Депутат Жусупжан Жээнбеков тартип коргоо органдары кылмыштуу топторго каршы алдын-ала иш жүргүзгөндүн ордуна көчөгө митингге чыккандарды камоо менен гана алек деп сындады. Андан тышкары тартип коргоо органдарына машина номерлерин алмаштырууга уруксаат бербеген мыйзамды иштеп чыгууну жана эл көп жүргөн жерде тасмага тартуу менен көз салууну сунуштады. Депутат Бейшебек Акунов Кадыралиевдин өлүмүнүн да бетин ачпайсыңар, ага буга чейин бети ачылбай жаткан чуулгандуу киши өлтүрүүлөр жакшы далил деп, тартип коргоо органдарына карата чара көрүү боюнча президентке кайрылууну сунуштады.(BD)

XS
SM
MD
LG