Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайы өтүүдө


Кыргызстан элдеринин алтынчы курултайына президент Курманбек Бакиев катышып сөз сүйлөдү. Анда суу-энергетикалык жаңы долбоорлорду ишке ашырууга киришүү жана Америкалык авиабазаны чыгаруу чечимин кабыл алуу менен Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү саясий оюнчулардын катарына толук кандуу кошула ала турган тең укуктуу өлкө экендигин көргөздү деп билдирди. Президенттин айтымында, бул эки чечимге байланыштуу башка мамлекеттердин Кыргызстанга кызыгуусу менен бирге басымы да күч алышы, анын ичинде энергетика тармагына таасир көрсөтүү үчүн эң ириде президенттик шайлоону колдонушу мүмкүн.(BD)

XS
SM
MD
LG