Окуя өлкөнүн коогалаңдуу түндүк–батыш бөлүгүндө болду. Кабарларга караганда, жанкечти миналанган автоунаасы менен уруулар жашаган Орокзай чөлкөмүндө көзөмөл бекеттин жанынан аскерий кербенди бутага алган. Орокзай талиб жоочуларынын таяныч бекети катары эсептелет. 1-апрель күнү бул чөлкөмдө АКШныкы делген ракеталык соккудан 14 талиптик жоочу жок кылынган болчу.