Бишкек мэриясы тараткан маалыматка караганда атайын багыттар боюнча жүрүп жаткан автобустар, шаардыктар менен меймандарды алардын жакындары коюлган көрүстөнгө баруу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында уюштурулган. Бүгүн, 19-апрелде автобустар эки маршрут менен каттап, эртең мененки саат жетиден кечки алтыга чейин жүрүшөт. Түштүк-батыш көрүстөнгө бара турган автобустарда жол акы алты сом. Ал эми жеңилдетилген тарифтер менен жүрүүгө болбойт. Ушундай эле иш-чара 28-апрель Ата-энелер күнүндө да уюштурулат. (ES)