Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жер титирөө Нарын аймыгынын чыгыш тарабында орун алган. Жер титирөөнүн очогу калк отурукташкан аймактардан алыс болгондуктан шаар, айылдарда кыйроолор болгон жок. “Келечекте бир эки жыл аралыгында Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөө болот деп болжолдонууда. Андыктан биз азыр бул багытта тийиштүү иштерди алып баруудабыз”, - дейт К. Абдракматов. Орто эсеп менен Кыргызстандын аймагында 3 миңдей жер титирөө катталат. 2008 – жылы бул көрсөткүч 888ди түзгөн. (ES)