Түндүк Кипр – азырынча жалгыз гана Түркия тарабынан таанылган жумурият. Коомдук пикирди сурамжылоонун бүгүнкү шайлоо алдындагы жыйынтыктарына караганда, улутчулардын Улуттук биримдик партиясы бийликтеги солчул Түрк республикалык партиясынан алдыда. Кипрдин түрк бөлүгүнүн саясий жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр аралдын биригүүсү боюнча былтыр сентябрда кайра жанданган сүйлөшүүлөрдү активдештирүүсү мүмкүн.