Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Уу зат калдыктарын жоготуу маселеси Бишкекте талкууланат


21-апрелде Бишкекте уран калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу маселесине арналган регионалдык жыйын болот. Аны кыргыз өкмөтү менен АКШнын Өнүгүү агенттиги биргелешип уюштуруп жатат. Жыйындын ишине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин адистери жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышып, дүйнө жүзү боюнча уу калдыктар көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу көйгөйүнө арналып, ушул жылы жайда Женева шаарында өтө турган эл аралык жыйында көтөрүлө турган маселелерди такташат. Мындай маалыматты “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Айбек Султангазиев билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG