Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 21:44

Эки америка материгиндегилер тил табыша алышкан жок


Эки америка материгиндеги 34 мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жолугушуусунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынган жок. Ага жыйындын соңунда чыккан пикир келишпестик себеп болду. Жыйындын уюштуруучусу Тринидад жана Тобаго мамлекетинин премьер-министри Патрик Манниңдин айтымында, лидерлер жыйынтыктоочу декларация боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Жыйындын соңунда АКШ президенти Барак Обама, эгер Куба, Венесуэла жана АКШ мамлекеттери алакаларын жакшыртууну каалашса сөздөн ишке өтүүлөрү керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG