Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

А.Атамбаев: Мага президенттик эмес, Кыргызстандын келечеги керек


Мындай пикирин оппозициядан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлүп жаткан Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирип, кудайга ишенген адам экенин жана анын жолунан тайбашына мына ошол гана кепилдик боло алаарын белгиледи. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозиция А.Атамбаевди президент кылып шайлап койбогонун, ал үй-мүлкү, каражаты менен тобокелчиликке барып жатканын айтып, мына ошол үчүн ага ыраазычылык билдирип жатышканын билдирди. Оппозициянын акцияларына токтологон лидерлер андай акциялар май айынын онуна кийин болуш ыктымалдыгын белгилешти. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиев кыргыз элин сатып кетти деп, ал эми Алмазбек Атамбаевдин бийлик менен кызматташуусун аргасыз болгон кадам катары баалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG