Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстанда билим алгысы келген чет элдиктер арбын


Учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 32 өлкөдөн келген 13 жарым миңге жакын студент билим алат. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык, инженердик-курулуш, тил адистиктери боюнча билим алышууда.Билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаевдин айтуусунда, Кыргызстандагы билим берүүнүн деңгээли талаптагыдай болуп, баасынын арзандыгы чет элдик студенттерди кызыктырат. “Биз көп учурда чет мамлекеттерге студенттерибизди чыгарып жатканыбызды айтып, ошол эле учурда башка мамлекеттерден студенттерди кабыл алганыбызды көз жаздымда калтырып коебуз. Бул фактор биздеги билимдин сапаты жаман эместигин көрсөтүп жатат. Мисалы Өзбекстанга баралы дешсе, аларда латын тамгасы менен окууга туура келет. Бизде мындай тоскоолдуктар да жок ”, - дейт министрдин орун басары. (AzK)

XS
SM
MD
LG