Оппозиция уюштурган кезектеги нааразычылык акциясында президент Михаил Саакашвилини кызматтан кетирүү ураандары жаңырды. Оппозиция өкүлдөрү Саакашвилинин тушунда Грузия полициялык мамлекетке айланып калганын айтышууда. 9-апрелде башталган оппозициянын нааразычылык акциялары православдардын пасха майрамына байланыштуу токтотулган болчу. Эми оппозиция лидерлери президент кетмейинче күн сайын ушундай акцияларды уюштура беришерин айтышууда.