Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

БУУнун расизмге каршы конференциясында декларация кабыл алынды


БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллэйдин айтымында, жыйынтыктоочу декларациянын кабыл алынышы Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын Израилге карата жыйында айткан сөзүнө жооп болуп калды. Женевадагы расизмге каршы жыйынына Иран президенти катыша турганы айкын болгондон бери аны батыштын бир катар өлкөлөрү бойкоттоп, Ахмединежаддын сөзүнөн кийин алардын катары көбөйгөн. Европа кеңеши болсо өз кезегинде Иран президентинин «Израиль расисттик мамлекет» деген сөзүн кескин түрдө четке кагарын жарыялады. Кабыл алынган декларация - өткөн жумада 189 мамлекет макул болгон өрнөк документке таянып, айрым талаштуу жерлери кыскартылган.

XS
SM
MD
LG