Америкалык президенттин Махмуд Аббас менен келерки айдагы жолугушуусу тууралуу палестиндердин улук арачысы Саед Эракат билдирди. Ушул шейшембиде Барак Обама Жакынкы Чыгыш лидерлерин Вашингтонго чакырган эле. Ал Израилдин, Палестин, Египет жетекчилери менен өз алдынча жолугуп, тынчтык жараянын илгерилетүүнү талкуулайт.