Ооганстан өкмөтү өлкөнүн Бамиян вилаятындагы чакан көлдөр жайгашкан аймакты улуттук корук кылуу демилгесин көтөрүүдө. Эми бул демилге ооган парламентинин кароосунан өтүшү керек. Бул көлдөр 1970-жылдары туристтер көп келген аймак саналган. Бирок андан кийинки жылдары тынымсыз согуштардан улам кароосуз калып, начарлап кеткен.