Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

ИИМдин башкы штабынын жетекчисине күкүрт кычкылын чачып кетишти


48 жаштагы милициянын полковниги Кырккелди Кыдырбаев Бишкектеги Аэропорт көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып келе жатканда белгисиз бирөө ага 1-2 литр өлчөмүндөгү күкүрт кычкылын чачып кеткен. Окуя кечээ, 12.20 чамасында болгон. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бул боюнча шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталганын билдирди. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн химиялык экспертиза да уюштурулуп жатканы маалым болду. Кырккелди Кыдырбаев учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде жатат жана анын саламаттыгы канаттандыраарлык. (EK)

XS
SM
MD
LG