Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

И. Жунусов: Электр энергиясын өчүрүү токтогон жок


Электр жарыгы бир эле Бишкекте өчпөй калдыбы же жалпы Кыргызстан боюнча ушундай болуп атабы? деген суроо койгон депутат, энергетика министринен аймактардагы жарыктын өчүрүлүп жаткан себебин тактап берүүнү талап кылды. Депутат ошондой эле министрлер жана алардын орун басарлары алыскы чет өлкөлөргө командировкаларга көп чыгарын, буга да өз кезегинде мамлекеттик бюджеттен көп каражат кетерин белгилеп кетти. “Биз ЖК депутаты болуп туруп, учактардагы арзан эле эконом класс менен учабыз, министрлер, алардын орун басарлары болсо кымбат баадагы бизнес класста, ичкендери кымбат коньяк. Биз болсо аларды карап отурабыз, анан дагы “депутаттар эки жакка көп чыгат,” деп бизди күнөөлөйсүңөр”, деп айткан Ибрагим Жунусов мамлекеттин эсебинен мындай чыгымдарды азайтууну талап кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG