Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Жалал-Абат: Өзбек тараптын өкүмзордугу


Чек айылындагы өзбек чек арачылары
Чек айылындагы өзбек чек арачылары

Кыргыз-өзбек чегиндеги Чек айылында соңку күндөрдө өзбек тараптын үстөмдүгү күчөп, андагы кыргыз тургундары үчүн кооптуу жагдай түзүлдү. Өзбек чек арачылары үйлөрдү тинтүүгө чейин барган соң айылдын эли кыргыз президенти Курманбек Бакиевден укугун коргоону өтүнүшүүдө.

Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылы кайсы жылдан бери Өзбекстанга карап калганы кыштактагыларга түшүнүксүз. Анткени, айыл тургундарын кыргыз тараптан бир да расмий өкүл ал жөнүндө кабардар кылган эмес. Аталган айылды ушу тапта болжолдуу түрдө 150гө жакын (27 үй-бүлө) кыргыз жарандары жана өзбекстандык 41 үй-бүлө байырлайт.

Жекшемби күнү (19-апрелде) айылга Өзбекстандын Пахта-Абат районунун аким орун басары жетектеген коопсуздук жана ички иштер, чек ара кызматтарынын башчылары келишкен. Алар кыштакка өздөрүнүн бекетин орнотмок болушуп, жергиликтүү тургундарга мындан ары өзбек тартиби менен жашай тургандыктарын эскертишкен.
Айыл тургуну Манап Божоев президент Бакиевдин наамына жазылган кайрылууну айылдаштарына окуп берүүдө.

Айыл тургуну Манап Божоевдин айтымында, өзбекстандык жоокерлер короо-жай, ашканаларынан өйдө тинтүү жүргүзүп, азык-түлүктөрүнүн эсебин алышкан. Алар а түгүл кыргыз жарандарын “керек болсо, Кыргызстаныңарга көчүп кеткиле, жер биздики!” деп омуроолошконго чейин барышкан. Ошондон бери жол тосулуп, текшерүү күчөп, кошуна өлкөнүн курал-жаракчан чек арачылары айылга тынчтык бербей атат.

Кыргыз жарандарынын укугу корголбой калды деп, өлкө бийлигине нааразы болгон Манап Божоев чектиктер президентке кайрылууга аргасыз экендигин билдирди. Бирок айыл тургундары кол койгон арызды президентке кантип жеткирүүнүн жол-жобосун билбей турушат.

А түгүл «Азаттыктын» кабарчысы да ушул айылга барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп жатканда өзбекстандык автоматчан үч чек арачы жаныбыздан кетпей турду. Алардын башчысы атын атабай, үн жазгычты өчүрүүмдү талап кылды. Айыл аралай өткөн күнжүрүш жактагы 700 метр жол, күн батышка кеткен 500 метр аралык бейтарап аймак экендигин оозеки билдирди. Үйлөрдү тинткендердин арасында болбогондугун кыштак тургундарына айтты. «Бейтарап айылга курал-жарак менен кирүүгө болобу?» - деген сурообуз жоопсуз калды.
Чек айылындагы кыргыз жарандары.

Жалал-Абат облусу менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу делген 21 жай бар. Чек араларды аныктоочу мамлекеттер аралык комиссиялар бир нече жолу сүйлөшкөнү менен алардын биринин да башы эмдигиче ачыла элек. Өкмөттүк комиссиянын мурдагы мүчөсү Жаныш Курбановдун белгилешинче, маселе мамлекеттик денгээлде каралуусу абзел. Жогорку Кеңеш талкуулай электе, өлкө башчылары кол койгонго чейин аймак тактала элек болсо да, эч кимдин чек арадан курал-жарак менен жүрүүгө укугу жок.

Бул айылдын Калыс Төрөгулова аттуу тургуну кыргыз бийлиги айыл тагдырына кызыкпаганына капа жана өзбекстандыктардын айылга тикенек зым тартышына каршы. Бул айым “жердин Кыргызстанга караштуу экендигин ырастап, биздин тынч турмушубузду кайрадан камсыз кылса деп”, - бийлик ээлерине үмүт артат.

Өзбекстанга кароону каалабаган тургундар Ноокен райоунун акимине да кайрылышкан. Аким Турдумамат Сагындыков Өзбекстандын Пахта-Абат районунун башчысы менен сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салдым деп ишендирди. Ошондой эле аким кыштактын кайсы өлкөгө тиешелүү экенин атайын адистер карта аркылуу тактоого тийиш экенин айтат.

Айыл тургуну Адашкан Машрапова чектиктерден кабар албаган жогорку бийликтегилерге нааразы. «Бизди Өзбекстанга тебеленди болуудан сактап калаар кыргыздын мырза уулдары бар бекен?” деп суроо койгон аялдын бир мүнөт да коңшу мамлекетте калууга көңүлү жок ….

Өзбекстандык тиешелүү кызматтар жекшемби күнү чектиктерди каттоого алуу жана паспортторун текшерүү үчүн болушканы да айтылууда. Ага кошуна турган Кыргызстан деп аталган айылда Сакалды айыл өкмөтүнүн милиция бөлүмчөсү жайгашкан. Милиция чек айылына да көз салып турат.

Айыл өкмөт башчысынын орунбасары Үсөн Айдаровдун пикиринде, айыл анклав катары өзбек аймагынын арасында калган жана абал кыргыз-өзбек жарандары аралаш жашаганы менен татаал. Бирок эки улуттун өкүлдөрүнөн болгону менен кыштак тургундары өз ара ынтымактуу.
Чек айылындагы кыргыз жарандары

Айрым байкоочулар үйлөрдү тинтип, өзбек жоокерлери минтип курал-жарактуу жүргөн айылдагы кырдаал тууралуу чек араларды аныктоочу өкмөттүк комиссия, коопсуздук кенеши, тышкы жана ички иштер иштер министрликтери, өкмөт кабарсыз калганына, чектик тургундардын тагдырына кайдигер караганына таң калышууда. Бейтарап аймак болгон күндө да айылда курак-жаракчан жүрүү, үйлөрдү аңтаруунун өзү туура эмес. Ага ылайык «чек араны бузуп, курал-жаракчан жүргөнү үчүн» деп кылмыш жообуна ылайык иш-чараларды жасаса да болот. Талдоочулардын пикиринде, эгер өлкө өз жарандарынын укугуна кызыкса бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерге заматта жетип келип, кырдаалды изилдеп, өзбек бийлигине нота жибериши керек эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG