Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

АКШ Коргоо министри Пакистан бийлигин талиптерди ооздуктоого чакырды


АКШ Коргоо министри Роберт Гейтстин айтымында, Пакистан бийлигинин талиптердин күчөөсүнө кош көңүл мамилеси эки мамлекеттин алакасына зыян алып келиши мүмкүн. Түндүк Каролина штатындагы аскерий базада сөз сүйлөп жатып Гейтс, Пакистандын айрым бийлик өкүлдөрү өлкөнүн демократиялык түзүмүнө талип согушчандары коркунуч туудуруп жатканын айтышканын баса белгиледи. Ошондой эле ал Пакистандын демократиялык өкмөтүнүн бекемделиши, Ооганстандагы талиптер менен Аль-Каидачылардын жок кылынышына байланыштуу экендигин да айтты. Маалыматтарда Пакистандын Сват өрөөнүн көзөмөлдөөгө жетишкен талиптер, учурда коңшу Бунер вилаятын да көзөмөлдөөгө ашыгып жатышканы айтылууда. Бейшемби күнү бул аймакта талиптердин чабуулунан бир полициячы набыт болгон.

XS
SM
MD
LG