Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

БЭКтин курултайына делегаттар чогула баштады

Бириккен элдик кыймылдан (БЭК) “Азаттыкка” билдиришкендей, алгачкылардан болуп Жалал-Абаттан өкүлдөр келди. Калган аймактардан делегаттар жолдо келатышат. Курултай катышуучуларын ташуу үчүн Социал-демократтар жана Ата-Мекен партиясынын кенселеринин жанында унаалар болот. БЭКтин курултайы эртең Аламүдүн районундагы Арашан айылында өтөт. Иш-чарага болжол менен беш миңден ашык киши катышаары болжолдонуп жатат. Анда негизинен өлкөнүн азыркы саясий-экономикалык абалы талкууга алынат жана оппозициянын бирдиктүү талапкери катары Алмазбек Атамбаев көрсөтүлөт.(EBM)
XS
SM
MD
LG