Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

“Коопсуздук-2009” аскердик машыгуунун биринчи этабы аяктады


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катары кеңешме өткөрдү. Анда “Коопсуздук-2009” биргелешкен аскердик машыгуулардын биринчи бөлүгүнүн жыйынтыгы талкууланды. Президент өлкө коопсуздугуна коркунуч туулган кезде тиешелүү структуралар шайма-шай болушу керектигине өзгөчө көңүл бурду. К. Бакиев өлкө эч ким менен согушууну каалабастыгын, бирок мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген учурларда өзүн коргой турганын айтты. Мындан ары да ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар алкагында кызматташтыкты, анын ичинде өлкөнүн жана жалпы аймактын коопсуздугун камсыздоо үчүн өз ара байланыш кеңейтилип, бекемделе берилерин баса белгиледи. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, эртең К. Бакиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында аймактагы Бужум айылындагы “Коопсуздук-2009” аскердик машыгуунун экинчи этабына катышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG