Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

АКШ менен Орусия өзөктүк курал келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады


Эки тараптын өкүлдөрү бүгүн Рим шаарында жолукту. Ал жерде башталган сүйлөшүүлөр - Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин алмаштырууга багытталган алгачкы кадам. 1991-жылы кол коюлган келишим АКШ менен Орусия ээлик кыла алуучу ракеталар менен өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектейт. Эки өлкөнүн президенттери Барак Обама менен Дмитрий Медведев ушул айдын башында Лондондо кездешкен учурунда Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин мөөнөтү быйыл декабрда аяктаганга чейин жаңылоону убада кылышкан. АКШ элчилигинин өкүлүнүн бүгүнкү жолугушуудан кийин билдиргенине караганда, тараптар сүйлөшүүлөрдү келерки айда Вашингтондо улантууну макулдашты.

XS
SM
MD
LG