Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Түндүк Корея сүйлөшүүлөргө кайтууга даяр эмес


Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө кайтууга даяр эмес экенин бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров бул тууралуу бүгүн Түндүк Кореядагы эки күндүк визитинин соңунан коңшу Түштүк Кореяга келген соң айтты. Орус тышкы иштер министри Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен соң Пхеньянга барган чет өлкөлүк жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн алгачкысы болду.

Түндүк, Түштүк Корея, Кытай, Жапония, АКШ, Орусия ортосунда жүрүп келген сүйлөшүүлөрдөн чыкканын Пхеньянын ал ушул айда узак аралыкка ракета учуруусун БУУнун Коопсуздук кеңеши айыптагандан кийин жарыялаган. Сүйлөшүүлөр Түндүк Кореяны өзөктүк программсынан баш тартууга ынандырууга багытталган болчу.

XS
SM
MD
LG