Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

БЭКтин курултайынын делегаттары бийликти алмаштырууну талап кылышууда


БЭКтин азыр ушул тапта Аламүдүн районундагы Арашан айылында өтүп жаткан үчүнчү элдик курултайына Баткен облусунан келген делегат Мамуржан Шарипов сөз сүйлөп, азыркы президент ыңкылаптан кийин берген убадаларын орундаткан жок, ошон үчүн жаңы президент шайлап, Кыргызстанды үй-бүлөлүк башкаруудан куткаруу керек деп билдирди. Анын айтымында, мындай милдетти БЭК аткарыш керек деп жер-жерлердеги эл талап кылып жатат. Ал эми Жалал-Абад облусунун делегаттарын баштап келген Топчубек Тургуналиев авторитардык ыкка оогон азыркы бийликти кетирип, Кыргызстандын демократиялуу өлкө деген аброюн сактап калуу керек деп билдирди. Ага чейин сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Эл Баатыры Сооронбай Жусуев мамлекеттин алдында турган мындай олуттуу милдетти президенттикке көрсөтүлүп жаткан Алмаз Атамбаев көтөрө алат деп билдирген. Ал эми Ош облусунун делегаттарын баштап келген Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодо эл бүгүнкүдөй ынтымакта добуш берип, жеңишти майрамдаш керек жана эгер оппозициянын талапкери утулса элдин утулганы деп бааланат деп айтты. Ош облусунан келген делегаттардын арасында Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Замир Парманкуловдор да бар. (BD)

XS
SM
MD
LG