Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Курултай президенттикке талапкерликке А.Атамбаев менен И.Исаковду көрсөттү


Үчүнчү элдик курултайдын делегаттары БЭКтин атынан Алмаз Атамбаев менен Исмаил Исаков президент болууга татыктуу деп бир добуштан көрсөтүштү. Алмаз Атамбаев элдин мындай ишенимин актап эл үчүн, мамлекет үчүн адал иштей тургандыгын билдирип элдин, ак мөнгүлүү тоолордун жана Кудайдын алдында ант берди. Андан тышкары мамлекет башчылыгына шайланып калса президенттин ыйгарым укук-милдеттерин кыскартууга убада берип, өзү Кудайдан башка эч кимден коркпостугун, мамлекетти сактап калуу күрөшүндө өмүрдү берүүдөн кайра тартпаш керектигин билдирип, оппозициянын башкы максаты бир президентти экинчисине алмаштырып коюу эмес, элге кызмат кыла турган президентти тандоо керектигин белгиледи. Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов "Азаттыкка" БЭК президенттикке талапкер көрсөтө ала тургандай юридикалык субьект эмес, ошондуктан кыймыл көрсөткөн талапкерди БШК каттоого албайт деп билдирди. Анын айтымында, Шайлоо Кодексинде талапкерлерди саясий партиялар жана жаран өзүн-өзү көрсөтүүгө укуктуу деп жазылган. Ошондуктан БЭК көрсөткөн талапкер Алмаз Атамбаев өзүн-өзү же саясий партиянын атынан талапкер боло алат. БЭК сунуштаган экинчи талапкер Исмаил Исаков талапкерликке өзү-өзү көрсөтүп БШКга арыз берген.(BD)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG