Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Баткендеги «Коопсуздук -2009» аскердик машыгуусуна 14 өлкөнүн аскерий атташелери байкоо салышты


Террорго каршы багытталган аскердик машыгууга президент Курманбек Бакиев, коопсуздук кенешинин катчысы Адахан Мадумаров жана Кытай, Орусия, АКШ сыяктуу 14 мамлекетттин аскердик атташелери байкоо жүргүзүштү. Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдөн Озбекстандан гана аскер өкүлү болгон жок. Командалык-штабдык машыгууга Канттагы орусиялык аба базанын тик учактары жардам беришти. Машыгуунун жыйынтыгында кыргыз президенти чет өлкөлөрдүн аскердик атташелерине кайрылып, “2001-жылы АКШда эл аралык террористтердин чабуулу канчалык өнүккөн өлкө болсо да эч бир мамлекет жалгыз алар менен күрөшө албастыгын көрсөттү, ошондуктан биз баарыбыз бул багытта тыгыз кызматташууга тийишпиз”, - деди.(JsA)

XS
SM
MD
LG