Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Аксылыктар «Азаттыкка» боор толгошууда


Райондун 400дөн ашык тургуну өлкө президенти менен УТРК баш деректирине кайрылышты. Алар үналгынын өлкөдөгү бардык окуяларды оперативдүүлүк менен калыс жана бейтарап чагылдырганын белгилешип, анын уктурууларына тоскоолдук кылбоону талап кылышты. Эски бийлик куугунтуктаганда Бакиевдин үнү «Азаттык» аркылуу элге жеткенин, оппозиция Бакиевге каршы митинг уюштурганда Эшимкановдун иш аракеттери да ушул үналгы менен жалпыга маалымдалып турганын унутпоого чакырышты. Кайрылууда үналгыны муунтуу – эркин маалымат каражаттарына жасалган кысым көрсөтүү деп бааланды. Бул тууралуу кол топтоонун демилгечиси К.Маматкеримов билдирди.

"Азаттыктын" теле жана радио берүүлөрү УТРК жетекчилери тарабынан 2008-жылдын октябрь айынын башында бир тараптуу түрдө токтотулган. Учурда "Азаттык" өз берүүлөрүн өлкө аймагына бир канча жергиликтүү менчик FM радиостанциялар аркылуу таратууда. Ошондой эле сателлит (HotBird-8, AsiaSat), кыска толкун жана интернет аркылуу да "Азаттыкты" укса болот. (YA)

XS
SM
MD
LG