Бул анын америкалык мамкатчы болгондон кийин Иракка биринчи жолу келиши. АКШнын Багдаддагы элчилигинде шаар тургундары менен жолугушууда Клинтон америкалык аскерлер чыгарылганы менен Кошмо Штаттары Иракты жалгыз калтырбайт деп ырастады. Алдын-ала жарыяланбаган визит жанкечтилердин чабуулдарында акыркы эки күндө Ирак боюнча 150дөн ашык кишинин каны төгүлгөн мезгилге туура келүүдө. Америкалык башкы дипломат Ирактын президенти Жалал Талабани, өкмөт башчысы Нури ал-Малики жана АКШнын Ирактагы башкы командачысы генерал Рей Одиерно менен жолугушууда.