Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Петровка айылында дүрбөлөңдүү кырдаал түзүлдү


Москва районуна караштуу Петровка айылынын борборунда учурда кыргыз жана орус улутундагы эки жүздөн ашуун жергиликтүү тургундар топтолууда. Кабарчыбыз Жазгүл Жамангулованын маалымдашынча, алар ошол аймакта кошо отурукташкан күрт улутундагы айрым тургундардын бейбаш жүрүм-турумуна нааразы болуп чыгышкан. Соңку маалыматтарга караганда, Петровка айылында ызы-чуу башталып, айрым үйлөрдүн терезелери талакаланды. Ал эми жергиликтүү милиция кызматынын өкүлдөрү айнек сындыргандарды кармап кетип жатканы да айтылууда. Муну нааразылык билдирип чыккандар бирөөлөр атайы улут аралык жаңжалга чагым салууда деп айтышууда. Алар күрт улутундагы жаштар жасаган кылмыштардын көз жаздымда калып жаткандыгы үчүн жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө да нааразылык билдирүүдө. Күрт улутунун өкүлдөрү буга азырынча эч кандай жооп кайтара элек. (ES)

XS
SM
MD
LG