Дүйнөдөгү эң каргашалуу согуштук эмес өзөктүк (ядролук) жарылуу Украинадагы өзөктүк отундан электр кубатын өндүрүүчү ишканада орун алган. Кырсыктан Украина менен Беларус айрыкча жапа тарткан. Бириккен улуттар уюму 4 миңдей киши, анын ичинде ликвидаторлор каза болот деп болжолдогон. Кыргызстандан кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан 3 миңдей кишинин жарымынан ашыгынын көзү өтүп кеткен.