Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:07

Аль-Каиданын Ирактагы башчысы кармалды

Премьер-министр Нури Аль-Маликинин айтымында, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Аль-Каида террорчу уюмунун Ирактагы лидери Абу Омар Аль-Багдадини кармашканын тастыктай аларын билдирди. Ирактын мамлекеттик телеси Ал-Багдади өткөн бейшембиде кармалганын жарыялаган эле. Бирок мындай маалыматты Ирак бийликтери менен америкалык куралдуу күчтөр тастыкташкан эмес болчу. Эскерте кетсек, Аль-Багдади кармалды деген маалымат чыгаары менен эле Иракта эки ири террордук чабуул болуп, ондогон адамдар набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG