Партия лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда курултай коомдук-саясий курдаалды талкуулап, президенттикке талапкерди тандайт. Партиянын апрелдин башында өткөн саясий бюросу талапкердикке Темир Сариевди көрсөткөн. “Ак шумкардын” лидери 25-апрелдеги президенттикке талапкерди көрсөткөн БЭКтин “Арашан” курултайына катышкан жок жана анын себеби коомчулукка ачыктала элек. (BuS)