Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Петровкада жол тосуу болгону кабарланууда


Петровкадагы жаңжалды уюштурду деген шек менен камакка алынган “Болуш” бейөкмөт уюмунун башчысы Сапар Аргымбаевдин уулу Азиздин маалыматына караганда жергиликтүү тургундар Бишкек-Ош автожолунан Кара-Балта тараптан келаткан автоунааларды тосуп, өткөрбөй атышат. Ал эми ар кайсы булактарда айылда жалпысынан 400дөн 2 миңге чейин киши чогулуп, кечээ камакка алынгандарды бошотууну талап кылып жаткандыгы маалымдалууда. ИИМ бул маалыматты тастыктай элек. Кечээ Петровкада чыккан жаңжалга байланыштуу 80 чамалаш киши кармалып, алардын негизги бөлүгү Бишкекте камакта отурушат жана алардын үстүнөн административдик тартипте соттук териштирүү болуп атат. Сапар Аргынбаев болсо Ысык-Ата райондук милициянын убактылуу тергөөчү абагына жеткирилген. (BuS)

XS
SM
MD
LG