Испаниянын саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген жетекчилердин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, вирус жакында Мексикадан кайтып келген адамдан табылган. Чочконун сасык тумоосу деп аталган илдеттин вирусу биринчи ирээт өткөн аптада Мексикада табылгандан бери, бул өлкөдөн100дөн ашуун адам каза тапты. Аталган вирусту жуктуруп алгандар Мексикага коңшу АКШ менен Канадада бар экени ырасталды, бирок аларда илдеттен көз жумгандар боло элек. АКШ президенти Барак Обама илдет тынчыздануу жаратып жатканын, бирок дүрбөлөңгө түшүүгө жүйөө жоктугун белгиледи.
Мексиканын бийликтерге коомдук иш-чараларды токтотуп, адамдарды үйүнөн чыкпоого үндөөдө. Көп өлкөлөр аэропорттордо сырттан келгендерде вирустун симптомдору бар же жок экендигин текшерип жатышат.
Евробиримдиктин саламаттыкты сактоо боюнча комиссары чочконун сасык тумоосунун вирусу туудуруп жаткан ыктымал коркунучтарды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүүгө жана европалыктарды вирус чыккан аймактарга барбоого чакырды.
Дүйнөлүк Саламатттыкты сактоо уюмунун көз карашында, сасык тумоонун жаңы түрүнүн пандемияга айланып кетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок акыркы жылдары куш тумоосу менен күрөшүп келе жаткандыктан дүйнө бул коркунучка каршы жакшы даярданган.