Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Президент К. Бакиевке Петровка айылындагы кырдаал боюнча маалымат беришти


Бүгүн президент Курманбек Бакиев баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевди жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Петровка айылында болуп өткөн баш-аламандык туурасында маалыматты уккандан кийин мамлекет башчысы мунун башкы себеби – жергиликтүү бийлик органдарынын кылмыш ишине эч кандай чара көрбөй узакка создуктуруп жибергендигинде экендигин белгиледи.

«Кылмыш иши болгонуна үч жума болуптур. Эмне үчүн ушул убакыт ичинде укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй, тиешелүү иштерди аткарбай, ошол наристенин үй-бүлөсүнүн гана эмес, башка адамдардын да суроо-талабына көңүл бурган эмес? Мында күнөөнү кыжырданган адамдарга эмес, акыйкаттыкты орнотууга көңүлкош мамиле жасаган, кылмыш ишин жымсалдап, жашырып-жабууга аракет кылган мерез чиновниктерге коюу керек”, - деди К.Бакиев.

Мамлекет башчысы Петровкадагы тополоң фактысы боюнча Москва районунун акимин иштен алуу боюнча буйрук чыгарды. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүп, РИИБ начальнигинин, райондук прокурордун жана башка жооптуу кызматтагы адамдардын кылмышка учурунда тиешелүү чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилигин аныктоо боюнча тапшырма берди.

XS
SM
MD
LG