Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Улуу Ата Мекендик согуштун 64 жылдыгын майрамдоого жарлык чыкты


Президент Курманбек Бакиев «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана согуш ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө» жарлыкка 27-апрелде кол койду. Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга, жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйлангандарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердеги, геттолордогу жана башка мажбурлап кармоо жерлериндеги мурдагы жашы жете элек туткундарга — 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул бөлүнөт.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө, ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга — 1000 сом өлчөмүндө жөлөк пул бөлүнөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу, согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, эмгектин ардагерлерине, аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улгайган курактагы жарандарга бардык тараптан колдоо көрсөтүү үчүн республиканын бардык аймактарында кайрымдуулуктун бир айлыгын өткөрүү тапшырылып, 2010-жылдын 9-май күнү бүткүл элдик майрам катары белгилөө жана аны даярдап өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын түзүү каралган. (AJ)

XS
SM
MD
LG