Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Э.Ибраимова: Президенттик шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чечилген


Президенттик шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чечилген жана добуштар бурмаланып, административдик ресурстар толук колдонулат, деген оюн билдирди “Ак жол” партиясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Элмира Ибраимова “Азаттыкка” берген маегинде. Анын айтымында, шайлоонун жумуш күнү, бейшембиге белгилениши добуштарды бурмалаганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнөн кабар берет. “Эгерде “Ак жол” чыныгы элдик партия болгусу келсе анын катардагы мүчөлөрү демилгени колуна алып, азыркы кырдаалга кандай баа берип жаткандыктарын калыс айтышы керек. Партия чын эле ичинен тазаланып, сакайса эл үчүн иштегенге мүмкүнчүлүгү чоң. Ошон үчүн тазалануу зарыл”,-деди Ибраимова. 25-апрелде партиянын саясий кеңеши Элмира Ибраимованы “Ак жолдун” курамынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган эле. Ал партиянын катарынан чыгарылышын өлкөдөгү абал боюнча чындыкты айтып президентке кайрылуусу негиз болгондугун белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG