“Эгерде Ички иштер министринин карамагындагы кызматкерлер кичинекей кызды зордуктоо фактысы боюнча ишти бир ай мурда бетин ачканда Петровкада баш аламандык болбойт эле”,- деп билдирди СДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев. Ал ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин Петровкадагы окуяны оппозицияга оодара салышынын өзү туура эместигин белгилеп, бул болуп жаткан окуялар үчүн кылмыш дүйнөсү менен байланышып кеткен күч структураларынын күнөөсү бар деген баасын берди. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 27-апрелде парламенттин Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укуктук комитетинде Петровка айылындагы чатактын чыгышына оппозициянын тиешеси бар экендигин кыйыткан. (AJ)