Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Б. Бешимов: СДП фракциясы коомдук комитеттин талаптарын колдойт


Бул тууралуу Парламенттеги СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Билдирүүдө Петровка окуясы башкаруу системасынын социалдык проблемаларды ыкчам, конструктивдүү чечүүгө кудуретсиз экенин далилдеп турат, окуянын башкы себеби жергиликтүү бийликтин, прокуратуранын жана милициянын коррупциялашканы деп айтылат. Бешимов ошондой эле президенттин аракеттерин бийликтин жарым-жартылай көргөн чарасы, иш жүзүндө бийлик элдин күндөлүк проблемаларынан алыс болуп атат, кадр саясаты начар деп сындады. Билдирүүдө белгиленгенге караганда коомдук комитет жагдайды кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, мыйзамсыз камалгандарды, анын ичинде “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Таалай Мадылбаевди камактан бошотууну, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кесипкөй эместиги, жоопкерсиздиги үчүн кызматтан кетирүүнү талап кылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG