Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Петровка окуясы боюнча оппозиция, бийлик бири-бирин айыптоодо


Бириккен оппозиция Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди сотко бергени жатат. Муну министрдин жергиликтүү маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрү менен негиздешүүдө. Конгантиевдин маалымат каражаттарына айтканына караганда Петровка жаңжалынын артында саясий кырдаалды курчутуу максатын көздөгөн оппозициянын аракети бар. Буга үндөш пикирин бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров да билдирди. Губернатор Петровкага атайын автоунаалар менен чоочун кишилер ташылып жатканын айтып, мунун артында оппозиция турат деди. Бириккен элдик кыймыл болсо бүгүн Петровка окуясы боюнча билдирүү кабыл алып, анда бийликтин ырааттуу эмес саясатын сынга алды. Буга негиз катары Топчубек Тургуналиев ИИМдин оппозицияны, президенттин ИИМди айыптап жатканын келтирди. Кечээ президент Курманбек Бакиев башкы прокурор менен Ички иштер министрин кабыл алып, кылмышты жашырган мамкызматкерлерди кескин сынга алган. Петровка чатагынын келип чыгышына 4 жашар кыздын зордукталышы себеп болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG